Текебаев: Өздөрү жазган мыйзамды өздөрү бузуп жатат
RU

Текебаев: Өздөрү жазган мыйзамды өздөрү бузуп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сынына жооп кайтарды. Ал өзүнун видео кайрылуусун социалдык тармакка жарыялаган.

Текебаев анда төмөнкүлөргө токтолгон:

Урматтуу достор мен Долондон силерге кайрылып жатам. Кайрылуум эки бөлүктөн турат.

  • Шайлоонун жүрүшү боюнча.
  • Эдил Байсаловдун мага кайрылуусу боюнча.

Шайлоо азырынча жакшы өтүп жатат. Садыр Жапаров шайлоону таза өткөрөм деп административдик ресурсту колдонууга тыюу салып, добушту сатып алууга каршы күрөшөм деп жатат. Бул жакшы ниет, жакшы аракет. Аягана чейин ушундай жакшы болсо экен деп ниет кылалы.

Эми Эдил Байсалов боюнча

Байсаловдун денээлине түшүп, акыйнек айтышуу мага туура келбейт. Бирок, ал айткан сөздөр маанилүү жана чоң коркунучту билдирет. Биздин мамлекет өзүм билемдиктин айлампасына түшуп бара жатканын көргөзгөн симптом.

Байсалов мындай дейт: Текебаев силердин кеңешиңер эч кимге кереги жок, оозуңду ачканга укугуң жок, деп жатат. Эдил Байсалов эмне Кудаярханбы, адамдын сөзүн эмес башын алганга укугу бар? Эч ким, сот дагы кыргыз жаранынын сөз эркиндигине, пикир эркиндигине, мыйзамдын сакталышын талап кылган укугун жокко чыгара албайт.

Мен эмне дедим? Урматтуу туугандар, калыс болуп, сөзүмдү аягына чейин угуңуздар. Эгер мен ката кетирген болсом, ак чөп башта деп, сөзүмдү артка алганга даярмын. Бирок, мен туура айтканыма ынансаңар, Текебаев туура айтты деп коюңуздар.

Өлкөдө абал оор. Энергетикалык кризис ар бир үйгө кирип келди. Ошондой кырдаалда конституция көрсөткөн тартипте кыргыз өкмөтү жыйын өткөргөн жок. Ал жыйынды президент өзү жетектеш керек эле. Президент өзү аткаруу бийликти жетектейт, жана анын ишине жеке жооп берет. Өкмөттүн жыйындарына төрагалык кылат деп, Конституцияда жана анын мыйзамдарында жазылып турат.

Эдил Байсалов айтат: Президент элдин алдында жыйындарды ачык алып барчудай популист эмес, деп. Урматтуу Эдил Байсалов, урматтуу президент, Конституцияда министрлер кабинети жөнүндө Конституциядык мыйзамда өкмөттүн иши ачык жана айкын болот. Анын жыйыны болоордо алдын ала жарандарга кабар берилет, күн тартиби жарыяланат, өкмөттүн жыйынынын жүрушүн аудио жана видео запистери эки күндөн кем эмес убакытта ачык порталга элге жарыя кылынат. Техникалык себептерге байланыштуу аудио, видео жаздыруулар жок болуп калса, себеби түшүндүрүлүп, качан жарыялана тургандыгы айтылат, дейт. Запистер толук болот, кыскартылбайт, кескиленбейт, деп жазылып турат.

Өкмөт кандай чечим кабыл алганын элге жарыялаш керек. Өкмөт чечимдерин токтом формасында кабыл алат. Өкмөттүн өкмөт мүчөлөрүнүн үчтөн экиси, он бешинен кем эмес катышышы керек дейт. Өкмөттүн жыйынынын протоколу түзүлүш керек. Токтом көпчүлүк добуш менен кабыл алынышы керек. Токтом элге жарыялангандан кийин гана күчүнө кирет, деп айтылып турат. Бул мыйзамдын талабы.

А Эдил Байсалов эмне дейт? Биз өзүбүз билебиз дейт. Президент керек болсо түнкү саат 3-4 бизди ойготуп, кеңешет дейт. Жолугушканга убакыт жок болсо, СМС менен тапшырмаларды берет дейт.

Урматтуу Эдил Байсалов, бул конституцияда көрсөтүлбөгөн форма. Конституцияда көргөзүлбөгөн ыкма. Муну кыргыздар "бармак басты, көз кысты" дейт. Бул коррупцияга алып келет. Өзүм билемдике алып келет. Диктатурага алып келет.

Кыргыз өкмөтү өз ишин мыйзамдуулукту сактап, Конституцияны сактап алып барабыз деп ант бергенсиңер. Президент да ант берген. Өкмөттүн ишин Конституцияга ылайык алып баргыла. Болбосо, ант урат. Мындайларды кыргыздар анткор деп коет. Бул мыйзамды мен жазган эмесмин, өзүңөр жазгансыңар. Бул мыйзамга мен добуш берген эмесмин, өзүңөр добуш бергенсиңер, өзүңө кол коюп жарыялагансыңар. Мыйзамды, Конституцияны, элди сыйлагыла.

Эдил Байсаловдун бул билдирүүсү жөн билдирүү эмес. Бул абдан символикалык билдирүү. Эдил Байсалов президенттин түшүн жооруган, анын оюн алдын-ала билген көз ачыктай өзүн позициялап жүрөт. Демек, Эдил Байсаловдун оюу президентке жаккан ой, президент каалаган сөз, деп биз түшүнүшүбүз керек. Эгер мындай жол менен кетсек, биз өзүм- билемдиктин, зордук-зомбулуктун туңгуюгуна түшүп кетебиз.

Урматтуу мекендештер, биз ата-мекенибизди сактап калышыбыз керек. Эдил Байсалов жаштыкка, же тажрыйбасыздыкка салып, бийликтин оюн, алардын ниетин ачыктап коюп жатат. Биз бир болсок, эркиндикти сактап калабыз", - деп саясатчы оюн билдирди.

Эске салсак, Эдил Байсалов Текебаевди сынга алып, анын башка адамдарга акыл үйрөтүп ооз ачканга акысы жоктугун айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4320