Садыр Жапаров өзү таза болууга убада берип, элди андан үлгү алууга чакырды
RU

Садыр Жапаров өзү таза болууга убада берип, элди андан үлгү алууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров коррупцияга аралашпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 16-ноябрда Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин биринчи жыйынында билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, бардык өлкөлөрдө коррупция бар, Сингапур гана бөтөнчө болушу мүмкүн.

"Эмне үчүн мен Сингапурду айтып жатам? Биз кафе кызматкерлерине ашыкча акча таштап үрөтүп койгонбуз. Ал эми Сингапурда акча таштоого болбойт. Калган акчаны кайтарып берем деп официанттар артыңдан чуркашат. Башка бардык өлкөлөрдө коррупция бар. Жок болушу мүмкүн бирок мынчалык жогорку деңгээлде эмес", - деп белгиледи Жапаров.

Ал кошумчалагандай, коррупция эки категорияга бөлүнөт: улуттук жана эл аралык.

Президент эл аралык коррупция тууралуу айтып жатып, мисал катары "Мегакомду" атады.

"Бизди 297 миллион долларга сотко беришти. 10 жылдан бери алар талашты чече алышкан жок. Бийликтеги коррупционерлер ушунча убакыт соодалашып келишкен. Биз соодалашкан жокпуз, бир жылдын ичинде сот чечим чыгарды. Кумтөр боюнча да биз утабыз, анткени экологияга зыян келтирген фактылар бар. Ал эми эл аралык сотто экологияга, климатка кам көргөн жана объективдүү чечимдерди кабыл алган адамдар иштейт",-деди Жапаров.

Ал мамлекеттик коррупцияга мисал катары көмүрдүн кымбаттоо фактыларын келтирди.

Президент 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктын жүрүшүнө да токтолду.

"Атын атаганыбыз туура эмес, бир талапкер үгүт иштерине жашы жете элек балдарды колдонгону үчүн суракка чакырылган. Бул талапкер мыйзамдын сакталышын жана коррупцияга каршы күрөштү булбул сайрагандай талап кылганы менен, өзү мыйзам бузууга барган. Бир нерсени талап кылгандан киийн ошону өзү аткарышы керек", - деди мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу мыйзам бузууларды эске салды.

"Трибунадан бир талапкер башка партиялар добуштарды сатып алып жатат деп кыйкырган. Бирок, бир сааттын ичинде ошол эле талапкердин партиясы добуш сатып алып жаткан жеринен кармалды. Саясатчылар, журналисттер, блогерлер - баары таза болуш керек. Балык башынан чирийт. Эгерде. президент коррупционер болсо, калгандарынын баары коррупционер болот. Мен таза болом, ошондуктан сиздерден да коррупция менен күрөшүүнү талап кылам",- деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4336