"18десиңби, демек каалаганымды кыла берсем болот экен да". Студентке замдекан тийишкен
RU

"18десиңби, демек каалаганымды кыла берсем болот экен да". Студентке замдекан тийишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенти декандын орун басары К.Тнин жүрүм-турумуна арызданды.

Анын айтымында, замдекан ары-бери өткөн элди көзгө илбей студент кыздарга тийишет.

"Студент кыздарды кемсинтип, кыйкырып, орой мамиле кылуу ал үчүн кадыресе көрүнүшкө айланган. Кээде кол көтөргөнгө чейин барат. Мисалы мени жини менен түртүп салган. Анын атына арыздануулар көп эле болот. Биринчи курстагы студенттин окуясы дале университеттегилердин эсинде. Ал арызданууга аракет кылган, бирок эч нерсе өзгөргөн эмес. Кийин замдекан аудиториядагы студенттердин көзүнчө бул аракети сессиясына таасирин тийгизет деп айткан", - деп БГУнун студенти айтып берди.

Видеодо көрүнүп тургандй декандын орун басары белгисиз кызга "18 жаштасыңбы? Демек сени менен каалаганымды жасасам болот экен да?!" - деп кыйкырганын даана угууга болот.

Кийинчерээк, окуяга күбө болгондордун бири факультеттин деканы Таласбек Машраповго кайрылган.

"Декан мындай жүрүм-турум туура эмес экенине кошулуп, бирок замдеканга алгачкы жолу арыздануу болуп жатканын белгилеген", - дейт күбө.

Коридордо кетип баратып, алдынан чыккан декан Таласбек Машраповго, "Этият болуңуз, бул келесоо кайра телефонун иштетип алды. Муну ушул чыгарган", - десе, Машрапов "анда өзүңөр чечиишип алгыла" деп жооп берип кетип калат. Декандын орун басары дароо студенттин колунан телефонун жулуп алат.

Видеодогу кыз апасы менен деканатка келип, бул боюнча кандай чара көрүлө тургандыгын Таласбек Машраповдон сурап эч кандай жооп ала алган эмес.

Kaktus.media редакциясы аталган факультеттин деканаты менен байланыша алган жок. Биз алардын версиясын угууга даярбыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4400