ЖАМКнын кызматкерин видеокайрылуудан кийин жумушунан кетиришкен
RU

ЖАМКнын кызматкерин видеокайрылуудан кийин жумушунан кетиришкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) кызматкери Акжол Раимбердиев өзүнүн видеокайрылуусунда, биринчи видеокайрылууну жасагандан кийин жумушунан айдалып кеткенин айтып берген. Алгачкы видеосунда ал Садыр Жапаровго кайрылып, №31- колонияда камактагыларды кыйнаганын жана андагы коррупция жөнүндө айтып берген болчу.

Анын айтымында, ал күндөгүдөй эле Петровка айлындагы ЖАМКнын №31- колониясына келген. Бирок жумуштан бошотулгандыгы тууралуу буйрук чыгып, аны ишке киргизбей коюшкан.

"Дагы эки жума иштейсиң дешкен, бирок бүгүн кетирип салышты. Мен №31-мекемеде коррупциялык иштерди айтып чыкканым үчүн кетирип салышты. Президентке кайрылгам да", - деп Раимбердиев арызданды.

Анын айтымында ЖАМКда бир нече адам чогулуп эле жумуштан алып салуу чечимин кабыл алышкан.

"Ошол иштерди айтпай эле койсом болмок экен, деген ойдомун азыр. Президентке ишенгем, коррупцияны жебуз, коррупцияны жоготобуз, деп кайра-кайра сүйлөп атса, чара көрөт го деп ойлогом да. Президенттин өзүнүн деле сөзу бар. Соцтармактарга кайрылгыла деген. Анан ошол соцтармакка кайрылганым үчун жумуштан кетирип салышты. Жаап-жашырып эле жүрө бериш керек экен. Мына, жаап-жашыргандар иштеп эле жатышат. Мен ушул күндөн тартып Садыр Нургожоевичтин саясатын колдобойм", - деп ЖАМКнын экс-кызматкери белгиледи.

Анын айтымында, ЖАМКнын кызматкерлери камактагыларга өздөру телефон алып киришчү, андан кийин кайра тартып алып, ШИЗОго камап салышчу.

"Колонияда ур-токмокко алынган бала Нарындык болчу. Мен аны тааныбайм, бирок ЖАМКнын жетекчилиги мени анын досу кылып коюшту. Мен болгону ага боорум ооруду, ошондуктан айтып бергем. Аны жипке илип алып, шылдыңдашкан. Бирок президенттен эч кандай реакция болгон жок. Бизде адилеттүүлук жок экен", - деген бүтүмго Акжол Раимбердиев келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4431