Бишкектеги бир мандаттуу депутаттардын чыгымдары. Ким көбүрөөк акча коротту?
RU

Бишкектеги бир мандаттуу депутаттардын чыгымдары. Ким көбүрөөк акча коротту?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлоого талапкерлигин койгон депутаттар үгүт иштериндеги чыгашалары боюнча слттуу түрдө 26-ноябрда отчет беришет (эки эле күн калды).

Kaktus.media талапкерлерди бул жумага карата отчетторун изилдеп көрдү. Андагы көрүнүш мурунку жумага салыштырмалуу радикалдуу өзгөргөн. Айрым депутаттар канча каражат сарптап жатканын айтып беришсе, башкалары талапкерлигин такыр эле алып салышкан.

  • №26-Ленин району боюнча 11 талапкер.
  • №27 Биринчи май округу боюнча 7 талапкер.
  • №28 Октябрь округу боюнча 5 талапкер.
  • №29 Свердлов округу боюнча 4 талапкер.

Аутсайдерлер

Айбек Алсеитов, Тилек Усупов жана Бакыт Керимбеков акчасы эң аз талапкерлер. Алардын эсебинде 100 миң сомдон бар болчу, анын бардыгын коротуп жетишкен. 100 миң сом шайлоо залогу катары киргизилген.

Лидерлердин үчилтиги

Биринчи орунда Ырысбек Мааткабылов. Анын эсебине 7 млн 32 миң сом түшүп, азыркы күндө 4 млн 657 миң 538 сому коротулду.

Экинчи орунда Мелис Турганбаев. Ал эсебине 7 млн 30 миң сом түшту деп отчет берген. Чыгашасы 2 млн 762 миң 299 сом.

Жаныбек Абиров үчүнчү орунда. Анын эсебине 5 млн 950 миң сом түшүп, анын 4 млн 619 миң 2 сому сарпталды.

Бир мандаттуу депутат катары талапкерлигин койгондорго шайлоо фондунун көлөмүнүн жогорку чеги 10 млн сом.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4451