Өзбекстанда эркектердин сакалдарын мажбурлап алышууда
RU

Өзбекстанда эркектердин сакалдарын мажбурлап алышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-ноябрда Өзбекстандын Ташкент облусундагы Янгиюль шаарында ондогон киши ички иштер бөлүмүнө чакырылып, сакалдарын алууга мажбурланган. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга ылайык, Ташкент облусунда сакал коюп жүргөн кишилерге карата рейддер көбөйгөн. Акыркы бир айдын ичинде эле Янгиюль шаарында 22 киши сакалын алууга мажбурланган.

"Полиция кызматкерлери үйүмө келип, издөөдөгү бир аялдын иши боюнча сурак бересиң деп ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Ал жактан телефонумду текшерип, эч нерсе таппагандан кийин сакалымды алышым керектигин айтышты. Алгач, сакалым узун эмес экенин билдирип, макул болгон жокмун. Бирок алар анда өзүбүз кырабыз деп акыры сакалымды алууга мажбур болдум", - деди Икрам Холматов аттуу шаар тургуну.

Өзбек өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча комитет жана Мусулмандар дин башкармалыгы сакал коюп жүргөн кишилерге карата рейд жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.

2019-жылы укук коргоо органдары Ташкенттеги "Малика" базарында да сакалы бар ондогон кишини кармап, милиция бөлүмүнө жеткиргенден кийин сакалдарын күч менен алдырышкан. Анда бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Быйыл февраль айында да аталган базардын соодагерлери полиция кайрадан сакалдарын алууга мажбурлап жатышканына даттанышкан.

Эркектердин сакалдарын алдыртуунун себебин Ташкенттин ички иштер башкармалыгы кишилердин тек-жайын тактоодо сакал "акылдуу" камералар үчүн кедерги болот, деп түшүндүргөн. "Айрым жарандарга биометрикалык паспортторундагы сүрөттөрүнө ылайык, өздөрүн иретке келтирүү сунушталды", деп ведомоство белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4469