Депутаттыкка талапкер Максат Кунакунов УКМКга суракка чакырылды
RU

Депутаттыкка талапкер Максат Кунакунов УКМКга суракка чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Максат Кунакунов УКМКга суракка чакырылды. Маалыматты талапкер өзү билдирди.

Кунакуновдун айтымында, ал шаар жетекчилигине чакырылган.

"Чындык ар дайым жазаланат, ал эми жамандык - түбөлүк өлбөйт. Укугуңузду коргойм деп, "сүйлөшүүгө" чакырып алуу коркунучу бар. Бүгүн УКМКнын шаардык башкармалыгына чакырышты",- дейт ал.

Кунакунов кайсы иш боюнча суракка чакырылганын тактаган эмес. Саясатчыдан комментарий алуу мүмкүн болбой жатат. Кыязы, ал дагы деле суракта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4566