Садыр Жапаровдун мурунку үйү сатыкка коюлду. Баасы канча экен?
RU

Садыр Жапаровдун мурунку үйү сатыкка коюлду. Баасы канча экен?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотека компаниясына (МИК) өткөрүп берген эки кабаттуу үйү ачык аукцион учурунда сатыкка коюлду. Үйдүн баштапкы баасы - 33,7 млн сом ($395 миң). Бул тууралуу МИКтен билдиришти.

"Коомдук соодалашуу 2021-жылдын 24-декабрында, саат 11:00до өтөт. Аукцион боло турган жер: Бишкек шаары Токтогул көчөсү 228. Аукционго катышуу үчүн билдирүүлөр 2021-жылдын 23-декабрына чейин кабыл алынат", - деп ведомство маалымдады.

Кененирээк бул жактан окуп, билсеңиз болот.

МИК берген маалыматка ылайык, үйдүн абалы жакшы. Жалпы аянты - 390,6 кв. м, жер тилкенин аянты - 852 кв. м.

Эске салсак, 30-октябрда Садыр Жапаровдун үй бүлөсү өзүнүн үйүн Мамлекеттик ипотека компаниясына акысыз негизде өткөрүп берген. Ага чейин бул үйдө президент өзү турчу. Бул кадамын Садыр Жапаров жеке турак жай рыногун жакшыртууга кошкон салымым жана МИКке муктаж үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо программасына жардамым, деп түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, бул үйдү Жапаровдордун үй бүлөсү көп жылдан бери менчик бала бакча катары ижарага берчү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4574