Кооз. Улуттук банк COVID-19 менен күрөшкөндөргө арнап монета чыгарды
RU

Кооз. Улуттук банк COVID-19 менен күрөшкөндөргө арнап монета чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы КМШнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата "Тарыхый окуялар" сериясындагы "КМШга – 30 жыл" коллекциялык монетасын чыгарды.

Ошондой эле, медицина кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, волонтерлорго жана COVID-19 пандемиясын жеңүүдө иштегендердин баарына ыраазычылык белгиси катары "Жашоо үчүн рахмат!" атту коллекциялык монетасы чыкты.

Жез-никель коллекциялык монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети "Жашоо үчүн рахмат!" Бул ар кандай кесиптин өкүлдөрүнүн жана өз өмүрүнө коркунуч келтирип, коронавирустук пандемияга жан аябастык менен каршы турган ыктыярчынын сүрөттөрү. Монетанын жогору жагында ойгонгон табиятты, таңды жана жаңы жашоону символдоштурган күндүн чыгышынын стилдештирилген сүрөтү бар.

Монетанын айланасында: "Өмүр сакчыларына таазим! , Өмүр үчүн рахмат!" деген жазуу бар. Монетанын ылдый жагында анын номиналы – "1 сом" көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети – биримдиктин, ааламдын жана тиричиликтин символу катары ынтымактуу адамдардын образындагы стилдештирилген дарак.

"КМШга – 30 жыл" күмүш коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети КМШнын гербинин элеси. Монетанын төмөн жагында анын номиналы – "10 сом" деп көрсөтүлгөн. Монетанын айланасында: "Көз карансыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл, КМШ - 30 жыл" деген жазуу бар.

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети – кызматташтыктын, өз ара аракеттенүүнүн жана өнүгүүнүн жолдорун символдоштурган чырмалышкан сызыктар.

Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби тартылган. Монетанын ылдый жагында металлдын сапаты (Ag 925), салмагы (28,28 г) жана чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, күмүш монеталарга сапат сертификаты тиркелген өзүнчө кутуга салынган.

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий мыйзамдуу төлөм каражаты статусуна ээ.

Коллекциялык монеталарды сатуу - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кассаларында иш күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейин, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg сайты аркылуу жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4589