Садыр Жапаров майыптыгы барларга жардам берүүнү убада кылды (оптимизмди да унуткан жок)
RU

Садыр Жапаров майыптыгы барларга жардам берүүнү убада кылды (оптимизмди да унуткан жок)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда Эл аралык майыптар күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мындан тышкары, президент өз кайрылуусунда БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын өзүнчө мыйзам менен ратификациялоо менен Кыргызстан мындай жарандарга инфратүзүмдүн жеткиликтүүлүгүн, эмгекке, билимге жана иш менен камсыз болууга тең укуктуулугун жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелерди алганын белгиледи.

Мамлекетибиз майыптардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча аракеттерин улантууда. Бүгүнкү күндө биздин республикада андай 196 миң 400 адам жашайт.

Жапаров ошондой эле жумуш орундары гана эмес, театрлар, кинотеатрлар, музейлер жана башка маданий-көңүл ачуучу мекемелер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бирдей жеткиликтүү болушу керектигин баса белгиледи.

Адаттагыдай эле оптимизмди каалап, президент мамлекет жана коомчулук майыптарга мындан ары да жардам жана колдоо көрсөтүп, алардын жашоо шартын жакшыртуу, укуктарын сактоо маселелерин чечүү дайыма көңүл борборунда болорун убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4627