Мушкер Рафаэль Физиев кайсы желектин астында чыгат? Видео
RU

Мушкер Рафаэль Физиев кайсы желектин астында чыгат? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-декабрда мушкер Рафаэль Физиев UFC турниринде Брэд Ридделл менен беттешет. Физиев "Ушатайка: Спорт-Экспресс" YouTube каналына нейтралдуу желектин астында беттешүү ниетин билдирди.

"Мен азыр Гондурастын өкүлүмүн. Кел ушул суроону жөн эле коёлу. Мени колдогон элимдин, менин жанымда жүргөндөрдүн, күйөрмандарымдын өкүлүмүн. Ошолордун атынан чыгам, эч кандай желек көрсөтүлбөйт",-деди мушкер.

Ал атаандашы менен беттеште жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу 50/50 деп баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев Instagram баракчасына Рафаэль Физиевди диний негизде кемсинткен комментарий калтырган. Рафаэль да ага катуу жооп кайтарган. Бул кызуу талкууну жаратып, ага айрым диний лидерлер да аралашкан. Кийин ал пост жана бардык комментарийлер өчүрүлгөн.

Физиев жеңил салмактагы чемпион жана жакында эле UFCнин мыкты 15 мушкеринин катарына кирген. Ал 14-орунду ээледи, бул рейтингде акыркы болуп орусиялык мушкер Арман Царукян турат. Ал акыркы беттешин 7-августта америкалык Бобби Грин менен өткөрүп, UFC 265 турниринде жеңишке жеткен.

Физиев мындан ары Кыргызстандын желегинин астында чыгуу ниети жок экенин билдип, мунун себеби айрым диний лидерлердин чабуулдарынан улам экенин түшүндүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4633