Жапаров Текебаевге кол салууну бийлик уюштурушу мүмкүн деген билдирүүгө жооп кайтарды
RU

Жапаров Текебаевге кол салууну бийлик уюштурушу мүмкүн деген билдирүүгө жооп кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууну бийлик уюштурушу мүмкүн деген дооматтарга жооп берди.

Aryba.kg курган маегинде ал Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңылыштыгы боюнча ызы-чуу токтобой турганын билдирди.

"Мага дагы бир көйгөйдүн эмне кереги бар? Анын үстүнө азыр дүйнө коомчулугу биздин бардык кыймыл-аракетибизди абдан кунт коюп байкап турат. Мындай жапайы иштерди жасоо үчүн акмак болушуң керек. Кудай сактасын. Биз жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз", - деди мамлекет башчысы.

Анын айтымында, Текебаевге кол көтөрүп, телефонун тартып алгандар жөнөкөй жигиттер.

"Текебаевди урган жигит дароо эле кармалган. Телефону кайтарылып берилди. Кармалган адам Текебаевге ачууланганын айтты. Бул окуя бүткөндөн кийин Текебаев өзү уюштурганбы деп ойлоп калдык. Ал эми Текебаев муну саясий заказ экенин айтып жатат. Кийин буга бийликтин да, Текебаевдин да тиешеси жок экени аныкталды. Жөн эле митингге келген жаштар болгон",- деди президент.

Ал кошумчалагандай, Бакиевдин тушунда да, Атамбаев менен Жээнбековдун тушунда да алдын ала эскертүүсүз митингге чыгуу мүмкүн эмес болчу.

"Анда митингдерди аянтта өткөрүшчү эмес, Горький атындагы сейил багында гана болгон. Азыр андай жок. Митингдерге билдирүүсүз чыкса болот, алар тынч өтүшү керек", - деп кошумчалады президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4636