Аз пайыздуу кредиттер жана салыктарды алып салуу. Жапаров дыйкандар боюнча жарлык чыгарды
RU

Аз пайыздуу кредиттер жана салыктарды алып салуу. Жапаров дыйкандар боюнча жарлык чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу дыйкандарга кайрылуу жасады.

Анда фермерлер жана дыйкан чарбалары жер салыгын төлөөдөн бошотулат деген указ чыгарганы тууралуу айтылат.

2022-жылдын 1-январынан тарта дыйкандар сугат жерлерине, айдоо жерлерине, жайыттарына жана чабындыларына салык төлөбөйт. Бул салык республикалык бюджеттен төлөнөт.

Андан сырткары келерки жылы дыйкандарга 6% менен насыя бере башташат.

"Албетте, бир жылда дыйкандардын баарын камсыздай албайбыз. Бирок, буйруса биздин эсебибиз боюнча жакынкы 3-4 жылда баарыңарды камсыздай алабыз", - деп билдирди президент өз кайрылуусунда.

Жапаров дыйкандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп, өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо максатын билдирди.

"Мурда көпчүлүк жер айдалбай келген. Бир метр сугат жерди да айдабай коюуга болбойт", - деп белгиленет кайрылууда.

Бул үчүн жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөр, акимдер жана президенттин аймактардагы өкүлдөрү жоопкерчилик тартышат. Андыктан азыртан көңүл буруңуздар. Айыл Банк жана РСК Банк менен тыгыз кызматташууну баштаңыздар.

Президент ошондой эле жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин жеткен ишкерлер Соцфонддон төлөмдөрдү жана киреше салыгын кошпогондо, салыктын бардык түрлөрүн төлөөдөн бошотулганын эске салды.

"Жылдык жүгүртүү 8 миллион сомдон ашкан учурда гана салыктар алынат. Бул ишкерлерге материалдык жактан колдоо көрсөтүп, мамлекет тарабынан чакан бизнеске жагымдуу шарттарды түзөт", - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4666