Президенттин иш башкармалыгынын жаңы жетекчиси дайындалды
RU

Президенттин иш башкармалыгынын жаңы жетекчиси дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тилек Батырканов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Дайындоо жарлыгына Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин ал өзүнүн буйругу менен Батыркановду президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошоткон.

Ошондой эле Жапаров буга чейин Бактыбек Кудайбергеновду президенттин иш башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотуп, Улуттук статистикалык комитеттин жетекчиси кылып дайындаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4719