Бул жумада Кыргызстанда жана дүйнөдө болгон 5 жагымдуу жаңылык
RU

Бул жумада Кыргызстанда жана дүйнөдө болгон 5 жагымдуу жаңылык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1. Бул жумада россиялык блогер Дава кыргызстандык Эламан менен Айнураны Дубайга эс алууга алып кетти. Эске салсак, буга чейин ал пицца жеткирүүчү Эламанга Iphone 13 үлгүсүндөгү телефон белек берип, Бариста Айнураны соода борборлордун биринен жолуктурган.

2. Газпром компаниясы Бишкектеги Көк-Жар айылын мөөнөтүнөн эрте газга туташтырды. Айылды газ менен камсыздоо үчүн 64 км газ түтүгү салынган болчу. Эми 7 500 жашоочунун үйу жылуу болуп, экологиялык жактан таза күйүүчү каражат менен колдонот.

3. Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйдөн боюн таштап өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды куткарып калган ӨКМдин кызматкерлери сыйланды. Министр Бообек Ажыкеевдин буйругу менен А.Эсенгул уулу, К.Рысбеков жана И.Иманалиевге ардак грамоталары тапшырылды.

4. Австралиянын жашоочусу түшүнө кирген сандарды лотореяга жазып 3,4 миллион доллар утуп алды. Анын айтымында, ал мындан бир нече жыл мурун түшүнө кирген сандардын жыйындысын ар дайым колдонуп келчү. Бул ирет да ошондой кылган. Уткан сумманын жарымын кайрымдуулукка жумшап, калганын ырахаттанып жашоого сарптай турганын айтты.

5. Румыниялык медиктер коронавируска каршы сайылган вакцинадан калган ампулалардан жаңы жылдык балаты жасашкан. Балатынын бийиктиги үч метрден чоңураак. Бул инсталляцияны жасоо үчүн 19 000 бош ампула колдонулган. Өзгөчө балаты Бухарест шаарындагы вакцинация борборлорунун биринде коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4731