Садыр Жапаров 30 миң киши батырган стадион курула турганын билдирди
RU

Садыр Жапаров 30 миң киши батырган стадион курула турганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында 30 миңдей киши сыйган жаңы стадион куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

"Учурдагы кыргыз футбол чөйрөсүндө көйгөйлөр да жок эмес. Инфраструктурабыздын начардыгы спорттун бардык тармагы үчүн эң чоң көйгөй жаратып келет. Өлкө боюнча жаңы стадиондорду куруу аймактарда футбол оюндарын өнүктүрүүгө чоң түрткү бермек. Кудай буюрса, Бишкек шаарынан баштайбыз. Совет-Түштүк магистралдын жанында курууну пландаштырып жатабыз. Ал жак 30 миңден кем эмес көрүүчү үчүн болот. Бирөөдөн жардам сурабайбыз. Өзүбүздүн, бюджеттик акчага курабыз",-деди президент Жапаров.

Кыргыз футболунун 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип жатат. Футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө уюштурулуп, концерттик программа менен коштолгон салтанаттуу иш-чара өтүүдө. ФИФАнын президенти Жанни Инфантино видеобайланыш аркылуу куттуктады.

Кыргызстанда биринчи футбол оюну 1921-жылы Пишпек (азыркы Бишкек) шаарынын жана Верный (азыркы Алматы) шаарынын командаларынын ортосунда болгон. Кыргызстандын "Алга" командасы СССР чемпионатында биринчи жана экинчи лигада ойногон.

Учурда Кыргызстандын премьер-лигасында сегиз команда бар.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2018-жылы Азия Кубогуна жолдомо алып, ФИФАнын рейтингинде 75-орунга көтөрүлгөн. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4734