Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө болгон жакшы жаңылыктар
RU

Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө болгон жакшы жаңылыктар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мыкты бомбардир

17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук турнири өтүп ага президент Садыр Жапаров да катышкан. Турнир учурунда үч оюн өткөрүп 9 гол киргизген президент турнирдин мыкты бомбардири деп табылды

Америкалык журнал 10 жаштагы кыргыз актерунан интервью алды

Америкалык The Wrap журналы "Шамбала" тасмасында башкы каарманды аткарган Артур Аманалиев тууралуу жазды. Артур кинодо аткарууда ыйлаган жана муздак сууда сүзгөн эң оор болгонун бөлүштү. Андан тышкары келечекте англис тилин үйрөнүүнү пландаштырып жатканын билдирди.

Crazy Frog 11 жылдык тыныгуудан кийин клип чыгарды

Шайыр бака жөнүндөгү клип барыңардын эсиңерде болсо керек. 11 жылдык тыныгуудан кийин Crazy Frog жаңы Tricky деп аталган клип жарыялады. Анда ал роботторго жолугуп, алар менен шаңдуу бийлеп, Space Y ракетасы менен космоско учуп кетет.

Жегенге жарактуу стакандар чыгарылды

Улуу Британияда футбол фанаттары үчүн жегенге жарай турган стакандарды ойлоп табышты. Футболдук матч учурунда абдан көп суусундуктар ичилип, желим идиштер таштандыга ыргытылат. Жегенге жарай турган стакандар бул көйгөйдү чечет. Кофе же чай ичип, артынан печеньеден жасалган стаканын жеп, шам-шум этип алса да болот.

Монарх-көпөлөктөрү Мексикага кыштоого келишти

Декабрь айында Монарх көпөлөктөрү 5000 миң километр учуп Канададан Мексикадагы жаратылыш коругуна келишет. Бир нече айга жашыл карагайлар кочкул сары түскө боёлот. Анткени он миллиондогон көпөлөктөр 6 гектар аянтка отурукташат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4819