Садыр Жапаров: "Мегаком" быйыл 1,5 миллиард сом таза киреше алып келди
RU

Садыр Жапаров: "Мегаком" быйыл 1,5 миллиард сом таза киреше алып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-декабрда Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары аяктады. Анда президент Сузак районунун тургундары менен жолугушту.

Жапаров өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү пландарына токтолуп, 2022-жылдын 1-январынан тарта дыйкандар сугат жерлерге, айдоо жерлерге жана жайыттарга салык төлөбөй турганын айтты. Эми салык республикалык бюджеттен төлөнөт, келерки жылы дыйкандарга 6 пайыздан насыя берилет. Президент буга чейин дыйкандарга каралган жеңилдетилген акчанын 97 пайызын депутаттар, ишкерлер, министрлер, губернаторлор алганын белгиледи. Дыйкандар 3% гана алышкан.

Мындан ары мындай болбойт, Союз тарагандан бери Кыргызстан биринчи жолу өз эсебинен аскердик техникага ээ болду, келечекте мамлекеттик бюджеттин эсебинен армиянын абалы жакшырат.

Ошондой эле ал учурда коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын, "Мегаком" мамлекеттик ишканасы быйылкы жылы 1,5 миллиард сом таза киреше алып келгенин билдирди.

Президенттин айтымында, мурда азыраак болчу, ал "Кыргыз темир жолу" жана "Кыргыз петролеум компани" менен мисал келтирди: "мурда жоготуулар гана болгон, азыр болсо пайда болуп жатат",-деп "Кумтөр" боюнча (өтө кыскача) токтолду. Учурда ишкана толугу менен элдин жыргалчылыгы үчүн иштеп жатканын айтып, келерки жылы эмгек акыны, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүү пландарына токтолуп, жергиликтүү тургундар менен таза суу, айдоо, ошондой эле жол куруу, билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4829