Байсалов Жапаров тууралуу: Мага элдер аны бир айдан кийин бийликтен кетет дешкен
RU

Байсалов Жапаров тууралуу: Мага элдер аны бир айдан кийин бийликтен кетет дешкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Новые лица" журналына берген интервьюсунда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кайрадан президент Садыр Жапаровго болушту.

Журналист Лейла Саралаева Кыргызстандагы парламентаризм маселеси жөнүндө сөз кылып, президенттик формага өткөндөн тартып, өлкөдө авторитаризмдин орду күчөп баштагандай сезилет деген божомолдоосун билдирди. Эдил Байсалов анын айткандарына макул болгон жок, ал өлкөдө авторитаризмдин эмес мыйзамдын орду күчөй баштады деди.

Андан тышкары, президент иштеп баштай электе авторитаризм башталды деген айыптоолорго нааразы болду.

"Ал "А" дей электе эле аны баса калышты", - дейт Байсалов.

Анын айтымында, чынында Жапаровдун администрациясы жок болчу, ал жакынкы аралыкта эле, конституциялык мыйзам күчүнө киргенден кийин пайда болду.

Байсалов президент бир жылда башынан кечирген көрүнүштөрдү санап өттү:

  • Жапаровдун атын жамынып, акча доолагандар;
  • президенттик шайлоо жана инаугурация;
  • Жапаров өз катарын тазалоого аргасыз болду;
  • контрреволюциялык кыймылга каршы күрөшүү.

"Күзүндө, мени кызматка дайындап жатканда, абройлуу эле кишилер мага мындай дешкен: "Эдил, бир айдан кийин алар кетишет. Шайлоо өтүп, андан кийин баш аламандыктар башталат, сенин Садырың жок болот. Кайда баратасың? Жакында сени да отургузуп салышат" - деп", - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4906