"Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Токтобүбү Оргалча клип тарттырды
RU

"Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Токтобүбү Оргалча клип тарттырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Альянс" партиясынан парламенттин депутаттыгына талапкер Токтобүбү Оргалча "Биз" деген ырына клип тартты. Оргалча клибин социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, анын жаралуу тарыхы тууралуу айтып өттү.

"Бул ырдын жаралуу тарыхы абдан узун. Үч куплет ырда кыргыздын тарыхы, кыргыздын Кыргыз өлкөсүнө болгон сүйүүсү камтылган. Бул ырды ырдаганда кытайлык кыргыздар ыйлап, көз жаштары токтобой калат", - деген Оргалча.

БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарганда Токтобүбү Оргалча гендердик 30 пайыздык квотанын негизинде "Альянс" партиясынан депутаттыкка өткөн. Бирок БШКнын чечими менен партия макул эмес экенин билдирген. Өз кезинде депутаттык мандаттан четтеп калган Жанар Акаев билдирүү тараткан болчу. Токтобүбү Оргалча коомчулуктун пикирине жооп берип, ырдаганды жакшы көрө тургандыгын белгилеген. 21-декабрда Бишкек шаарынын административдик сотунда "Альянс" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызы каралып, БШКнын гендердик квота боюнча жаңы жобосун жокко чыгаруу чечимин чыгарды.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4909