Яндекс Go эми Бишкекте биргелешип сапарга чыгуу үчүн "Жолоочу" опциясын сынай баштады
RU

Яндекс Go эми Бишкекте биргелешип сапарга чыгуу үчүн "Жолоочу" опциясын сынай баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Яндекс Go тиркемесинде эми "Жолоочу" жаңы опциясы пайда болду. Анын негизинде, сиздин сапарыңыз пайдалуу болушуна шарт түзүлөт, анткени тиркемени колдонуучу жолдон башка жүргүнчү менен биргеликте жол жүрүшү мүмкүн. Колдонмо айдоочуга жана эки колдонуучуларга тең, чогуу жүрүү күтүлөөрүн алдын ала эскертет.

Колдонуучулар үчүн сапардын баасы бул жаңы опцияга ылайык, 20% га чейин үнөмдүү болот. Бул опция тиркемеде дайыма эле пайда боло бербейт, ал сападагы кишинин жолу бирге болгон жолоочуну табуу ыктымалдыгы арбыган кезде гана пайда болот. 8 км аралыктан алысыраак сапарга чыгуучулар үчүн бул опцияны көрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Ал эми айдоочу сапарга бир аз көбүрөөк убакыт кетирип, бир эле учурда эки буйрутманы аткарып, өз убактысын оптималдаштыра алат.

"Биз Бишкектин тургундары таксиге караганда жеткиликтүү жана туруктуу транспорттун болушун каалашат деп уктук. "Жолоочу" аркылуу сапарга чыгуу эми колдонуучулар сыяктуу эле, айдоочулар үчүн да пайдалуу болот" - деп билдирди Яндекс.Такси компаниясынын Борбор Азиянын рынокторун өнүктүрүү боюнча аткаруучу директору Тамирлан Шапиев.

Опция азырынча кээ бир гана колдонуучуларга жеткиликтүү. Ал бир аз убакыттан кийин же тиркеменин жаңы версиясын жүктөп, жаңырткандан кийин акырындык менен бардык колдонуучуларда пайда болот. Акысыз тиркеме Яндекс Go кыргыз, орус жана башка көптөгөн тилдерде iOS жана Android үчүн жеткиликтүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4950