Талибан аскерлери Кабулда демонстрант аялдарга каршы ок атышты
RU

Талибан аскерлери Кабулда демонстрант аялдарга каршы ок атышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талибан аскерлери Кабулда демонстрацияга чыккан аялдарга ок атышты. Бул тууралуу Asvaka маалымат агенттиги билдирди.

Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Агенттиктин маалыматына караганда, окуя борбордогу оорукананын жанында болгон. Митингге ондогон кыздар "Биз ач элдин үнүбүз", "Адилет!", "Жашасын адамзат" деген транспаранттар менен чыгышкан.

Буга чейин талибдер жаңы өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга бир нече жолу ок чыгарган деп жазат Lenta.ru. Августта, Афганистанда бийликти басып алгандан көп өтпөй, согушкерлер өлкөнүн улуттук үч түстүү желеги астында бараткан машинеге ок чыгарган. Ага чейин да, андан кийин да алар "республикалык" желектери бар адамдарга жана митингге чыккан аялдарга ок чыгарышканы айтылат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4967