"Манас" аэропортунда каттамдар үзгүлтүккө учураган. Жүргүнчүлөргө себеби айтылган эмес
RU

"Манас" аэропортунда каттамдар үзгүлтүккө учураган. Жүргүнчүлөргө себеби айтылган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилиги учактын кармалышынын себебин жүргүнчүлөргө билдирген эмес. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына аэропорттун жүргүнчүлөрү билдирди.

"Эл көп, бир залда, балдары менен отургандар да бар. Кечиктирилишинин себебин эч ким айткан жок.

Ал ортодо аэропорттун басма сөз кызматы туман тарап, каттамдарды кабыл алуу жана жөнөтүү башталганын билдирди.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-декабрынан 29-декабрына чейин коюу тумандан улам каттамдардын учуп-конушу кечеңдетилген.

Каттамдар боюнча маалымат алуу үчүн аэропорттун маалымат бөлүмүнө кайрылыңыз:

  • "Манас" - 0312 69 31 09;
  • "Ош" - 03222 9 01 01.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4984