Садыр Жапаровдун куттуктоосу саат 23:42де көрсөтүлөт
RU

Садыр Жапаровдун куттуктоосу саат 23:42де көрсөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн Садыр Жапаров президент катары биринчи жолу кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктайт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун видео куттуктоосу саат 23:42де көрсөтүлөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, президенттин кайрылуусун республикалык бардык телеканалдардан көрүүгө болот.

Султанбаев бүгүн Садыр Жапаров президент катары биринчи жолу куттук сөзүн айтарын кошумчалады.

Булак: Sputnik Кыргызстан агенттиги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5006