Кытайда медиалар кыргызстандыктын туристтерге жардам берип жатканын көрсөтүшүүдө. Видео
RU

Кытайда медиалар кыргызстандыктын туристтерге жардам берип жатканын көрсөтүшүүдө. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдагы орус тилдүү "CGTN орусча" телеканалы Кытайдын Коммунисттик партиясынын үгүт элементтери камтылган кыска видеону жарыялады.

Видеодо Шинжаңдан келген чабан туристтерге унааны ылайдан алып чыгууга жардам берип жатканын көрүүгө болот. Туристтер ага акча менен ыраазычылык билдирүүнү чечкенде, турист ККП - Кытайдын Коммунисттик партиясынын төш белгисин көрсөтүп акчадан баш тарткан. Кытайлык массалык маалымат каражаттары чабандын КПССтин мучесу экендигин жана өзүнүн партиялык милдетин аткаргандыгын баса белгилешти.

Чабандын кийимине, сүйлөгөн сөзүнө караганда улуту боюнча кыргыз. Бул видео Кытайдын ар кандай массалык маалымат каражаттарында да активдүү тараган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5030