Эркек киши лифтте кыпчылып каза болгон
RU

Эркек киши лифтте кыпчылып каза болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эркек киши лифтке кыпчылып калды. Ал каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, кырсык бүгүн, 11-январда Улан-1 кичи районунда болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, лифтке 38 жаштагы киши коляскадагы баласы менен кирип жатканда, ошол маалда лифт өзүнөн өзү иштей баштаган.

Кырсыктын кесепетинен адам лифттин эшиктерине кыпчылып калып, ошол жерден каза болгон. Бала жабыркаган эмес.

Окуя болгон жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5112