Адамга биринчи жолу чочконун жүрөгүн салышты
RU

Адамга биринчи жолу чочконун жүрөгүн салышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөдө биринчи жолу америкалык эркек кишиге генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун жүрөгүн салышты.

Доктордун айтымында, Балтимор жергесинде жети саатка созулган эксперименталдык процедурадан кийин 57 жаштагы Дэвид Беннетт үч күндөн бери өзүн жакшы сезип жатат.

Дарыгерлердин айтымында, бул Дэвид Беннеттин аман калууга болгон жападан жалгыз мүмкүнчүлүгү – трансплантация болбогондо ал белгилүү өлүмгө дуушар болмок, деп жазат Би-Би-Си.

Трансплант Беннетттин жашоосун сактап калуунун акыркы чарасы болчу. Бирок алдыда анын канчалык жашап кетиши анык эмес.

"Өлүмдү же жүрөк трансплантын тандаш керек болчу", - деп түшүндүрдү Беннетт операцияга чейинки абалын.

"Караңгыда ок аткандай болуп турат, бирок башка аргам жок", - дейт ал.

  • "Байкалбаган инфаркт" кандай болот?
  • Жүрөк күнү: "Инфаркт менен инсульт жылма жан алгыч болду"
  • "Жасалма бөйрөк" менен жашоонун азабы

Мэриленд университетиндеги Медициналык борбордун докторлоруна бул процедураны жасоо үчүн АКШнын медициналык мекемесинен атайын уруксат берилген. Уруксат берүү үчүн Беннеттин каза болуп калышы негиз келтирилген.

Ага адамдын жүрөгүн салууга болбойт эле. Дарыгерлер мындай чечимге бейтаптын саламаттыгы өтө начар болгон кезде барышат.

Жүрөк трансплантына катышкан медициналык топ үчүн бул алардын көп жылдардан берки изилдөөлөрүнүн туу чокусу болуп калды. Эми бул дүйнө жүзүндөгү адамдардын жашоосун өзгөртүшү ыктымал.

Хирург Бартли Гриффиттин айтымында, операция дүйнөнү "орган жетишисиздигинин кризисин чечүүгө бир кадам болсо да жакындаштырмакчы". Мындай билдирүүнү Мэриленд университетинин Медициналык борбору жарыялады. Кризис демекчи, АКШда күнүнө 17 киши трансплантты күтүп көз жумат. Ал эми кезекте тургандардын саны 100 миңден ашат.

Талапты канааттандырууга багытталган ксенотрансплантация үчүн жаныбарлардын органдарын колдонуу көптөн бери караштырылып келаткан. Чочконун жүрөк клапандарын колдонуу кеңири тараган.

2021-жылдын октябрында Нью-Йоркто хирургдар чочконун бөйрөгүн адамга салышканын билдиришкен. Ошол учурда мындай операция бул тармактагы эң алдыңкы тажрыйба болуп турган.

Бирок бөйрөк салдырган кишинин мээси өлүп, жашап кетишине үмүт болгон эмес.

Мэриленддин Балтимор жергесинде ишке ашырылган операция жети сааттан ашык убакытка созулган

Бирок Беннетт трансплант ага жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк берет деп үмүт кылат. Анын дарылоого мүмкүн болбогон жүрөк оорусу аныкталган соң операцияга чейин алты апта керебетке жаткырылып, аны тирүү кармап турууга жардам берген машинага бекитилген.

"Сакайгандан кийин төшөктөн турган күндү чыдамсыздык менен күтөм", - деген ал өткөн аптада.

Дыкаттык менен көзөмөлдө жаткан Беннетт дүйшөмбү күнү өз алдынча дем ала баштаганы айтылды.

Бирок мындан кийин кандай болору анык эмес. Беннеттин денеси кабыл албай жаткан айрым гендерди жок кылуу үчүн трансплантка колдонулган чочко генетикалык жактан өзгөртүлгөнүн маалымдайт AFP маалымат агенттиги.

Хирург Гриффит Беннеттин абалына этияттык менен байкоо жүргүзүп иш алып барганын айтат. Беннеттин уулу Дэвид Беннет AFP маалымат агенттигине үй-бүлөсү "ал убакта белгисиздиктин ичинде" болгонун айткан.

"Биз мындайды адамга эч качан жасап көргөн эмеспиз. Биз ага үзгүлтүксүз терапияга караганда жакшыраак мүмкүнчүлүк бердик деп ойлогум келет", - деген хирург Гриффит. "Бирок ал бир күн жашайбы, бир аптабы, бир айбы, бир жылбы, аны билбейм". (EA)

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5124