Сүзүшүп капталына оодарылган автоунаа элди тебелеп кете жаздады. Видео
RU

Сүзүшүп капталына оодарылган автоунаа элди тебелеп кете жаздады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чийинден өтүп бара жаткандар оодарылган унааны көрөрү менен эки жакка качып, аман калышкан.

Бишкекте үч жөө адам аз жерден кагышкан эки автоунаанын алдында кала жаздады. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарап, "Короче" Telegram-каналына шилтеме берип Sputnik Кыргызстан жазды.

Анда көрүнүп тургандай, жол кесилишинен эки автоунаа сүзүшүп, ак түстөгү машина капталына оодарылып, жөө адамдар өтүүчү чийинге чейин сүрүлүп кеткен. Бул учурда үч адам өтүп бара жаткан. Алар оодарылган унааны көрөрү менен эки жакка качып, аман калышкан.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, кырсык 23-декабрда болгон. Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунааны 31 жаштагы киши, ал эми Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны 28 жаштагы киши башкарып бара жаткан. Mercedes айдап бараткан адам ооруканага жаткырылган, ал эми жөө адамдар эч кандай жаракат алган эмес. Көлүктөр айып короосуна токтотулуп, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5126