Мылтык такап... Алматыда дагы бир россиялык миллиардерди террорист деп жаңылышкан
RU

Мылтык такап... Алматыда дагы бир россиялык миллиардерди террорист деп жаңылышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык миллиардер, "Технониколь" компаниясынын тең ээси Игорь Рыбаковду Алматыда террорист деп жаңылышты. Бул тууралуу Tengrinews.kz бизнесмендин өкүлү Глеб Климентьевге шилтеме берүү менен жазат. Белгилүү болгондой, 5-январда Алматыда өзгөчө кырдаал жарыяланып, антитеррордук операция жүргүзүлгөн.

Ишкер бир нече күн интернетсиз жана дээрлик байланышсыз болгон. Ошондой эле бардык каттамдар токтотулгандыктан, ал Алматыдан уча алган эмес.

"Кечээ постто ызы-чуу болуп кете жаздадым. Мени террорист деп жаңылышты. Мен чындап эле ушундай көрүнөмбү? Мылтык такалып басып бараткан видео бар. Бирок дагы эле интернет жок жүктөй албай жатам. Баары жакшы аяктаганы жакшы болду. Бүгүн алар үч күндөн бери биринчи жолу бир саатка интернетти иштетишти. Жетише алгандар гана бирдеме жүктөштү, бирок көбүнчө интернет жок",-деди Игорь Рыбаков.

"Мен Казакстандан чыгууга аракет кылып жатам, бирок азырынча майнап чыга элек. Мен Алматыдан коопсуз жерге жетип, ал жактан учак менен учуп кетем деп үмүттөнүп жатам. Бул жактагы окуянын баары Россиядагы массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлгөндөн бир аз башкачараак. Абал абдан бир жактуу көрсөтүлүп жатат, мен ичтен дагы көп нерселерди көрүп жатам. Бардык материалдарды чогултуп, чыкканымда чоң видео жасайм", - деди Рыбаков Казакстанда жүргөндө.

Миллиардер 3-январда Алматыга жаңы жылдык каникулда эс алууга келгенин жана 10-январда кайтып келмекчи болгонун айтат. Ошондой эле Казакстанда китептин бет ачарын жана бизнес форумун өткөрмөкчү болгон. Бирок, кырдаалга байланыштуу иш-чаралар токтотулган.

Бүгүн Рыбаков Казакстандан Россияга кайтып кете алганы белгилүү болду. "Акыры мен мекениме, кайтып келдим. Жылдын башын кандай өткөрдүм, Казакстандын көчөлөрүндө жана бул убакта эмнелер гана болуп кетпеди. Бул күчтүү чыгарылыш болот. Мага ишенип коюңуздар, мен көп материял чогулттум. Кызыктуу жана үрөй учурарлык, анын ичинде мени террорчу деп жаңылышкандары, Көк-Төбөдөгү телемунараны басып алуу кандай болгонун көрсөтөм", - дейт Рыбаков.

Игорь Рыбаков - ишкер, өнөр жайчы, коомдук ишмер, инвестор, филантроп жана Forbes журналынын версиясы боюнча Россиянын эң бай адамдарынын тизмесине кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5133