Бишкекте өз алдынча антибиотиктер менен дарыланган аял каза болду
RU

Бишкекте өз алдынча антибиотиктер менен дарыланган аял каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кечээ, 12-январда дары-дармектерди өз алдынча колдонуп, аллергиялык реакциядан улам адам өлүмү катталган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына борбор калаанын тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.

"Бишкекте 60 жаштагы аял антибиотиктерди таблетка түрүндө өз алдынча иче баштаган. Анын аллергиялык реакциясы болгон. Дарыгерлер келгенче ал өлүмгө дуушар болгон. Тилекке каршы, аны сактап калуу мүмкүн эмес эле", - деди ал.

Анын байкоосуна карагандаи Бишкекте антибиотиктерди көзөмөлсүз жана өз алдынча колдонуу көбөйдү. Антибиотиктерди көзөмөлсүз колдонуудан келип чыккан аллергиялык реакциядан улам тез жардам кызматына кайрылгандардын саны көбөйгөн.

"Вирустук инфекциялардын жана коронавирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу, тилекке каршы, калк өзүн өзү дарылап, антибиотиктерди жана башка дары-дармектерди өз алдынча иче баштады. Антибиотиктерди дарыгердин көрсөтмөсү боюнча гана алыш керек. Анда ар дайым аллергиялык реакциянын коркунучту туудурат, анткени антибиотиктердин өзүнөн өзү күчтүү аллергендер бар. Антибиотиктердин мындай массалык көзөмөлсүз колдонулушу менен аллергиялык реакциянын учурлары көбөйүүдө", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5137