Казакстан Нур-Султан шаарынын атын өзгөртүүгө кол топтой баштады
RU

Казакстан Нур-Султан шаарынын атын өзгөртүүгө кол топтой баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда борбор калаанын эски аталышы – Астананы кайтаруу боюнча онлайн-петиция башталды. Петиция egov.press порталында жарыяланды.

Кайрылуунун автору – белгилүү Данияр Бүркүтбаев Астананын атын Нур-Султан деп өзгөртүү социалдык тармактарда дагы эле терс кабыл алынып, мурдагы аталышы эл тарабынан колдоого алынып жатканын белгилейт.

Коомдогу маанайды эске алып, президенттен, өкмөттөн жана парламенттен борборго Астана атын кайтарып берүүнү өтүнөт. Ал ошондой эле бардык шаарлардын жергиликтүү бийликтеринен Назарбаев көчөлөрүнө бейтарап аттарды берүүнү суранат.

Петиция Астанада 11-январда түзүлгөн. 13-январдын кечинде ал 2,6 миңден ашык кол топтогон. Бирок, Казакстанда интернет туруксуз экенин белгилей кетүү керек.

Кийинчерээк сайтта көйгөйлөр жаралган. Азыр петиция барагы ушундай көрүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5149