Ошто студент кыз 12-кабаттан кулап кетти
RU

Ошто студент кыз 12-кабаттан кулап кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында студент кыз 12-кабаттын терезесинен кулап түшкөн. Бул тууралуу түштүк борбордун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ал ошол жерден каза болгон Белгиленгендей, кечээ түнү саат 03:00дөр чамасында Масалиев көчөсүндөгү 12 кабаттуу үйдүн батиринин терезесинен студент кыздын кулап түшкөндүгү боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерден 2001-жылы туулган 2-курстун студентинин жансыз денеси табылган.

Учурда иштин бардык жагдайлары такталууда. Кыз Баткен облусунун Кадамжай районунан Ошко келир, бул батирди ижарага алып жашап келгени

аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5150