Казакстандагы төрт кыргызстандык камактан бошотулду (видео)
RU

Казакстандагы төрт кыргызстандык камактан бошотулду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда камакта жаткан Кыргызстандын төрт жараны бошотулду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Instagram баракчасына билдирди. Видеодо төрт адам жылмайып, аларда баары жайында экенин айтып, Кыргызстанга салам жолдоп жатышат.

Эске салсак, буга чейин, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карим Ханжеза кыргызстандыктар Закир Юбуров, Адан Хуров, Абду Рахим Жишанло жана Ильяс Мачо тез арада бошотулат деген убадаларга карабастан дагы эле камакта экенин билдирген.

Молдокматованын айтымында, видеону ага Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулу Назарали Арипов жөнөткөн. Ал Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине аракети жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирген.

***

Буга чейин казак басылмалары кармалган адам митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп келгенин айткан видеону тараткан. Кармалган жаран Алматыга гастролго көп барган кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов экени маалым болгон. Анын айтымында, ага "белгисиз адамдар" митингге катышуу үчүн 200 доллар сунушташкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нааразычылык билдирүүсүн жөнөттү. Андан соң Казакстандын укук коргоо органдары видеодогу адам Викрам Рузахунов эмес, 1990-жылы туулган, теги кыргызстандык Закир Убуров экенин билдирген. Бирок, кийинчерээк белгилүү болгондой, видеодогу Рузахунов өзү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5165