Казакстан өлкөгө кирүү үчүн жаңы эреже кабыл алды
RU

Казакстан өлкөгө кирүү үчүн жаңы эреже кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-январдан тарта жаңы эреже күчүнө кирет. Ага ылайык, мындан ары вакцина алгандар да ПЦР-тест тапшырмай болду.

Казакстанда өлкөгө кирүү үчүн жаңы эреже кабыл алынды. Чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөрдүн бардыгынын COVID-19 менен оорубагандыгы тууралуу ПЦР-тести болушу керек. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазган.

Жаңы эрежелерди бүгүн, 13-январда, коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия кабыл алган.

"2022-жылдын 15-январынан тарта чет мамлекеттерден Казакстанга келген бардык жүргүнчүлөр вакцина алганына карабастан COVID-19 менен оорубагандыгы тууралуу ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Маалымкат англис, орус же казак тилинде болушу шарт. Бул эреженин беш жашка чейинки балдарга тиешеси жок", - деп айтылат маалыматта.

Тесттин жарактуу мөөнөтү 72 саат. Эгер ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы жок болсо жүргүнчү, анын ичинде казакстандыктар дагы учакка киргизилбейт.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5176