"Көрүстөнгө көмөбүз деп коркутушкан". Милиция кызматкерлери пара алуу боюнча айыпталган
RU

"Көрүстөнгө көмөбүз деп коркутушкан". Милиция кызматкерлери пара алуу боюнча айыпталган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда укук коргоо кызматкерлерине акча талап кылган деген айып тагылды. Бирок, экөө акталып кеткен. Чечим Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Аты-жөнү өзгөртүлдү.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү Медерди кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптаган: Жашы жете электердин иштери боюнча тергөөчү Самат, Акмат жана Белек менен кылмыштуу тил табышып, телефон кабелдерин уурдоо фактысын моюнга алдыруу үчүн Валихандын кабинетине алып барышкан.

Ага физикалык зомбулук көрсөтүшүп, бирок Валихан мойнуна алган эмес. Милиция кылмыш ишин козгобошу үчүн акча алам деген шарт менен кое берген. Валихан келишимди унутуп калбасын деп, укук коргоо кызматкерлери ага телефон чалып, үйүн өрттөп, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, мурда макулдашылган акча каражатын берүүнү талап кылышкан.

Кийинчерээк Валиханды коркутуу үчүн аны жергиликтүү көрүстөнгө алып келишет. Жигитти көмөбүз деп коркутуп, мурда макулдашылган акча каражатын берүүнү талап кылып, физикалык күч колдонушкан. Валихан аларга 10 миң сом берүүнү убада кылган. Акчаны берүү үчүн үйүнүн жанынан жолугууну макулдашышкан. Акчаны алгандан кийин укук коргоо кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Соттук отурумда айыпталуучулар эч кимди сабабаганын, коркуткан эместигин айтып, күнөөсүн мойнуна алышкан жок.

Соттук отурумда жабырлануучу Валихан баңгизат таратуу боюнча иш козгойм деп коркутуп, башына суу куюлган желим бөтөлкө менен сабашканын айткан. Алар 1000 доллар талап кылышканын, бирок 20 000 сомго макулдашып, мындай сумманы чогултуу үчүн, мал сатууга эки-үч күн убакыт сураган. Акчаны берүү үчүн Валихан торпок сатып жиберет. Анан прокуратурага кайрылып, акчага УКМКнын имаратында белги коюлган. Каражат которулгандан кийин УКМКнын кызматкерлери 15 мүнөттүн ичинде кармап кетишкен. Валихан Медер ага каршы эч нерсе кылбаганын айтты. Самат экөө, анын айтымында, жабырлануучуну ур-токмокко алып, коркутуп-үркүтүшкөн эмес.

Жыйынтыгында Панфилов райондук соту колдо болгон далилдерди текшерип, аларды жабырлануучунун, күбөлөрдүн, соттолуучулардын көрсөтмөлөрү жана иштин башка материалдары менен салыштырып, карама-каршылыктардын бар экендигин аныктады. Медер менен Саматтын күнөөсү жок деп табылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5221