"Алайдын" эки футболчусу автокырсыктан каза болду
RU

"Алайдын" эки футболчусу автокырсыктан каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 20-январда, Баткен - Ош жолунда баратып, "Алай" футбол клубунун эки оюнчусу автокырсыктан каза болду.

Футбол клубу берген маалыматка ылайык, жол кырсыгына 21-жаштагы Асадбек Алимов жана 23 жаштагы Жахонгир Махмудов кабылышкан.

Буга чейин Алимов "Алай" командасынын резервдик командасында ойночу, 2020-жылдын январ айында өлкөнүн жогорку чемпионатында оюн жүргүзгөн негизги командага өткөн.

Махмудов 2018-жылы клубга кирип, экинчи командада ойночу.

Асадбек менен Жахонгирди клубдун мүчөлөрү жана машыктыруучулары аябай сыйлап, жайдары, боорукер, ар дайым жардам берүүгө даяр жигиттер катары таанышчу. Футболдук клубдун жетекчилиги, тренердик штаб жана футболчулар жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат, деп "Алай" футбол клубунан билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5250