Сеидбек Атамбаев УКМКнын мыйзамын сындады
RU

Сеидбек Атамбаев УКМКнын мыйзамын сындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев парламентте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканын айтып, андагы тыңшоо жана видео көзөмөл тууралуу жоболорго каршы экенин Facebook'тагы баракчасына жазды.

"УКМКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу жаңы мыйзамдын долбоору жакында кабыл алынышы мүмкүн. Ал мыйзамдын долбоорунда УКМК прокуратуранын уруксаты жок эле, тыңшоону жана видео көзөмөл кылууну күчтөндүрүүгө багытталган нормалар каралган. Мындай мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышы туура эмес! Себеби элге каршы мыйзамдардын бири болуп саналат", - деп жазды.

7-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" жана атайын кызматтын ишине байланыштуу дагы төрт мыйзам долбоору талкууланды.

Жыйында сөз эркиндиги жана адам укугу жөнүндө талаш-тартыштар орун алды. Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет документтерди биринчи окууда колдоп, УКМКга айтылган сын пикирлерди эске алуу менен долбоорлорду экинчи окууга өзгөртүп келүү сунушун берди. Мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин жыйынына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5496