Башкы прокурор:Темировдун наркологиядагы видеосу үчүн эки милиционер жазаланды
RU

Башкы прокурор:Темировдун наркологиядагы видеосу үчүн эки милиционер жазаланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-февралда Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев журналисттерге сүйлөп жатып, Бишкек шаарынын прокуратурасы Темиров Live редакциясынын кызматкеринин интимдик видеосунун жарыяланышы боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.

Зулушевдин айтымында, көзөмөл органына бир нече адам кайрылган, анын ичинде Болот Темиров өзү да бар.

"Жарыяланган интимдик мүнөздөгү видео боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди Зулушев.

Кошумчалай кетсек, ал буга чейин Темиров Республикалык наркологиялык борбордо текшерүүдөн өтүп жатканын көрсөткөн социалдык тармактарга жарыяланган видео үчүн эки милиционер жазаланганын айтты.

"Жарандардын жеке жашоосуна көз салуу туура эмес деп эсептейм. Күнөөлүүлөр жоопко тартылат", - деп жыйынтыктады Зулушев.

Эске салсак, Темиров 22-январдын кечинде кармалган. Анын редакциясынын кеңсесине спецназдын жоокерлери кирип келишип, Болот Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл түстөгү затты алып чыгышкан. Бирок, бардык күбөлөр бул затты күч органдары өздөрү койгонун айтышууда. Ал бардык анализдерден өткөндө канында баңги заты жок болгон. Социалдык тармактарда анын наркологияда текшерүүдөн өткөн видеосу, ошондой эле Темировдун кесиптешинин жеке интимдик видеосу пайда болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5525