Artel компаниясы 2020-жылы 80 миллион доллардан ашык каражатка продукция экспорттоду
RU

Artel компаниясы 2020-жылы 80 миллион доллардан ашык каражатка продукция экспорттоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Artel компаниясы 2020-жылы 80 миллион доллардан ашык суммага тиричилик техникасын экспорттоду. Бул 2019-жылга салыштырмалуу кыйла өсүү болгондугун көрсөтүп турат.

Covid-19 коронавирустук инфекциянын пандемиясы ишмердүүлүктүн бардык тармактарына олуттуу кесепетин тийгизди. Дүйнөлүк экономика төмөндөп, ал эми дүйнөлүк фонддор 1987-жылдан бери болуп көрбөгөндөй кулап түшүүгө туш болушту. Андан тышкары жер шаары боюнча сатуулардын көлөмү болжол менен 5%га кыскарды. Глобалдык локдаундун кесепетин жаюу үчүн дагы көп убакыт керектеле турганы анык.

Мындай оор мезгилде Artel компаниясы мурунку сатуулардын көлөмүн сактап эле калбастан, аларды кыйла жогорулатууга жетишти. Анткени 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы экспортко сатуулардын көлөмү 32%га көтөрүлгөн. Artel жарым автомат кир жуучу машинелердин Казакстан жана Кыргызстандын рыногундагы үлүшү 50%га жетсе, Тажикстанда 70%ды түздү. Андан тышкары, Artel ашкана плиталарынын Казакстандын рыногундагы үлүшү 65%га жетти. Ошону менен Artel тиричилик техникасынын сатууларды жүргүзүүнүн суммасы 2020-жылы 80 миллион АКШ долларына жетти. Толук маалымат төмөндөгү таблицаларда келтирилген.

Белгилей кетчү жагдай, сапаты менен баасынын эң эле мыкты айкалышы, чет элдик керектөөчүлөрдүн да ата мекендик брендге болгон кызыгуусун арттырууда. Ал эми Россия, Азербайжан жана Афганистан сыяктуу өлкөлөрдө суроо-талап өсө баштады. 2021-жылы Artel компаниясы ушул өлкөлөрдө өзүнүн продукциясын активдүү жарнамалап, жергиликтүү рыноктордогу үлүшүн жогорулатууну пландаштырууда. Ошондой эле, Artel Африка өлкөлөрүнө экспорттоонун географиясын кеңейтүү максатында өнөктөш келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/569