85 - 95. 25-февралга карата сом менен доллардын абалы кандай? Фото
RU

85 - 95. 25-февралга карата сом менен доллардын абалы кандай? Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-февралга карата Бишкектин Моссоветиндеги доллардын курсу 85 сомдон 95 сомго чейин.

Эске салсак, кечээ, Украинадагы окуяларга жана рубльдин кескин арзандап кеткенине байланыштуу америкалык доллардын курсу көтөрүлгөн. Ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн Улуттук банк валюталык интервенцияларды жүргүзгөн. Чет элдик валютаны сатып алуу мүмкүн эмес болуп калды, себеби акча алмаштыруу пунктарында доллар жок болчу.

Бүгүн эртең менен акча алмаштыруучу пунктарда валютанын айырмасы өтө чоң. Бул андагы акчанын бар же жок болушуна байланыштуу.

Коммерциялык банктардагы кырдаал

Kaktus.kg кечээки интервенциядан кийин Кыргыз банктарындагы жана Улуттук Банктагы валютанын курсун карап чыкты.

Көрүнүп тургандай расмйи курс рыноктогу баадан төмөн. Бул негизги: доллар, евро жана рубль валюталарына тиешелүү.

Коммерциялык банктарда кырдаал башкача.

Коммерциялык банктардагы курс 84,4 сомдон 94 сомго чейин. Бирок валютанын бар жогун алдын ала сурап билүү керек.

Россиялык рублдин баасы 0,9 сомдон 1,05 сомго чейин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5707