Бишкек - Москва авиакаттамдарынын санын көбөйтүшөт
RU

Бишкек - Москва авиакаттамдарынын санын көбөйтүшөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Федерациясынын өкмөтү Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиарейстердин санын жумасына алты ирет учууга чейин көбөйтүүнү чечти. Бул тууралуу Россия тарап менен жолугушуунун натыйжаларынын негизинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошону менен, 2021-жылдын 8-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары Бишкектен Москваны көздөй "Авиа Траффик Компанинин" үч туруктуу рейси менен жана "Аэрофлот - Российские авиалинии" авиакомпаниясынын үч туруктуу рейси менен уча алышат.

"Белгилей кетчү жагдай, авикаттармдардын санын көбөйтүү, Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаалдын турукташып, коронавирус оорусунун жайылуу темпинин төмөндөшүнө байланыштуу мүмкүн болду", - деп ТИМдин билдирүүсүндө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/576