Жапаров коопсуздукту камсыздоо кеңешине негизги чиновниктерди чогултту (Ташиев жокпу?)
RU

Жапаров коопсуздукту камсыздоо кеңешине негизги чиновниктерди чогултту (Ташиев жокпу?)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-мартта, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын малымат бөлүмү жазды.

Ведомство берген маалыматка ылайык, анда дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан келип чыккан маселелер, мүмкүн болгон социалдык-экономикалык таасирдин сценарийлери, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Президент Садыр Жапаров бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Кандай тапшырмалар берилгени президенттин администрациясы маалымдаган жок.

Ошондой эле кеңешмеге катышкандардын тизмеси келтирилген жок. Жарыяланган сүрөткө ылайык, жолугушууга министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, ИИМдин жетекчиси Улан Ниязов, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ӨКМдин башчысы Бообек Ажикеев, ТИМдин башчысы Руслан Казакбаев, коргоо министрлигинин өкүлү (формасын карап айта турган болсок) жана башка чиновниктер катышкан (аларды сүрөттөн көрүп таануу мүмкүн эмес).

Сүрөттө көрүнүп тургандай, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кеңешмеге катышкан эмес. Белгилей кетсек, сүрөттө креслолордун бири бош турганын байкоого болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5982