Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар көбөйдү
RU

Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар көбөйдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар соңку эки жылда кескин көбөйгөнүн 29-мартта "Азаттыктын" эфиринде Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Улукбек Шүкүрбеков маалымдады.

"Эки жыл мурун Кыргызстандын жарандыгын кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу 50/50 болуп калган. Азыр 90% кабыл алуу, 10% чыгуу болуп жатат. Мисалы, Россиядан жана башка жактардан чыгып, кыргыз жарандыгын калыбына келтирүү тууралуу документтерин тапшырып жатышат".

Шүкүрбеков билдиргендей, жарандык маселеси боюнча мыйзамдын 6-беренесинде "башка жарандык" деген түшүнүк бар жана эгер жарандыгын берген башка өлкө мекениндеги каттоодон баш тартууну талап кылбаса кыргызстандыктар өз өлкөсүнүн да жараны болуп эсептеле берет.

Мисалы, Германия жарандыгын өз өлкөсүнүн жарандыгынан расмий түрдө баш тартып, каттоодон чыккандарга гана берет, - дей ал.

Ал эми Россия андай талап койбогон өлкө, андыктан, анын жарандыгын алгандар кыргыз жарандыгынан сөзсүз чыгуусу зарыл эмес.

Шүкүрбеков "башка жарандык" дегенден тышкары "кош жарандык" деген түшүнүк бар экенин кошумчалады.

Анын айтымында, кош жарандык кайсы бир өлкө менен атайын макулдашуу болсо гана берилет, Кыргызстанда бир да мамлекет менен андай келишим жок.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6180