Турдакун Усубалиевдин үй-бүлөсү чындап ага таандык болгон унааны көрсөтүштү
RU

Турдакун Усубалиевдин үй-бүлөсү чындап ага таандык болгон унааны көрсөтүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Турдакун Усубалиевдин небереси анын атактуу чоң атасы чындап тепкен машиненин сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштырды.

Эсен Усубалиев, Маданият министрлигинин Садыр Жапаровго тартуу кылынган унааны Турдакун Усубалиев Коммунтисттик партиянын катчысы болуп жүргөн кезинде колдонуп жүрчү, деген билдирүүсүнө ишенген жок.

"Алар бул машине ким тарабынан жана качан белекке берилгенин жазышса болмок, ага далилдерди да келтириш керек болчу. Экинчиден, кимдир бирөө Турдакун Усубалиевдин атын өзүнүн сыясий кызыкчылыгын көздөө максатында колдонгону анык эле болуп турбайбы. Бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла, биздин өлкөдө эч нерсе жөн эле жасалбайт. Үчүнчүдөн, эгер алар чын дилинен Турдакун Усубалиевди тарыхый инсан катары кабыл алып аны элге жеткиргиси келсе, эмне үчүн өзү эле тарыхый музейге унааны алып барып берген жок? Жердештери сыймыктансын десе, Кочкордо, анын тарыхый мекененинде калтырса, андан бетер сонун болмок", - дейт ал.

Анын айтымында, фондго анын бир гана сакталып калган унаасы жөнүндө белгилүү. Бул 1974-жылы чыгарылган "Газ 13 Чайка". Азыркы учурда ал бир адамдын, Кыргызстандын жаранынын жеке менчиги.

  • Турдакун Усубалиевдин машинесине байланышкан окуя жаңжал жаратты. Кочкор районунун Бакай деген тургуну Садыр Жапаровго Турдакун Усубалиевдин машинеси деп унаа белекке берген. Бул унаа компартиянын биринчи катчысына белек катары берилип, нарындык жердештери аны сактап калган имиш.
  • Усубалиевдин үй-бүлөсу бул маалыматты төгүндөдү. Мамлекеттик ишмер ал жылдары мынчалык чоң белек алышы мүмкүн эмес болчу.
  • Кийинчерээк, Маданият министрлиги белекке берилген унаа Усубалиевдики экенин тастыктаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/640