"Өлбөс полктун" жүрүшү учурунда Бишкекте айрым көчөлөр жабылат. Тизме
RU

"Өлбөс полктун" жүрүшү учурунда Бишкекте айрым көчөлөр жабылат. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-майда өтүүчү "Өлбөс полктун" жүрүш маалында айрым көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 9:00дө башталып, болжол менен саат 13:00гө чейин созулат. Андыктан төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү убактылуу жабылат.

  • А.Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсү менен кесилишкен бөлүгү;
  • Байтик Баатыр көчөсү түндүктү көздөй Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Жумабек көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү:
  • Ибраимов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү.

"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору иш-чара учурунда жогорудагы көрсөтүлгөн жолдорду эске алуу менен баарыңыздарды маршруттук каттамыңыздарды алдын ала пландап алууңуздарды суранабыз. Иш-чаранын жүрүшүндө милициянын кайгуул кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыз кылат", - деп жазылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6591