Кыргызстанда өскөн боксчу Бивол Альварести жеңип, чемпиондук наамын коргоп калды
RU

Кыргызстанда өскөн боксчу Бивол Альварести жеңип, чемпиондук наамын коргоп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык спортчу каршылашы мексикалык спортчу Сауль Альварести тогузунчу раундда утуп алды.

Токмокто туулуп-өскөн профессионал боксчу Дмитрий Бивол жарым оор салмакта чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Ал дүйнөлүк бокс бирикмесинин (WBA) версиясы боюнча белгилүү мексикалык спортчу Сауль Альварестен тажрыйбалуу экенин көрсөтүп, он эки раунддун ичинен тогузунда үстөмдүк кылган. Соңунда калыстар Биволго жеңишти ыйгарды.

Беттеш 8-майда Лас-Вегаста өттү.

Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Учурда Россиянын атынан чыгып жүрөт. Ал рингде жеңилип көргөн эмес. 20 кармаштын 11ин нокаут менен уткан жана WBA уюмунун супер чемпиону.

Атаандашы Альварес башка салмакта (76 кг.) абсолюттук чемпион. Ал 60 беттештин 57син утуп, 39ун нокаут менен аяктаган. Бивол экөө бир куракта.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6599