Жылына 40 тоннага жакын акча жарактан чыгат. Сом тууралуу кызыктуу фактылар
RU

Жылына 40 тоннага жакын акча жарактан чыгат. Сом тууралуу кызыктуу фактылар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, сом күнү экени эсиңизден чыккан жокпу? Кыргыз сому тууралуу кызыктуу фактылар.

  • "Сом" деген "Рубль" деген сөздүн кыргызчасы.
  • Кыргыз сому 1993-жылы 10-майда кабыл алынган.
  • Башында 1 сомдун курсу 200 рублга бааланган.
  • Бузулган акчаларды Улуттук банкка алып барса, аны алмаштырып бере алышат.
  • Жылына 35-40 тоннага жакын акча жарактан чыгып, кайра иштетилип же картонго айландырылат.
  • Алгачкы кыргыз банкнотторунда азыркыдай ар түрдүү эмес, бир гана сүрөт колдонулган. Түсү жана номиналы менен гана айырмаланып турган. Сапаты начар болгон.
  • Кыргыз сомунун кагазы 100 пайыз пахтадан жасалат. Себеби жөнөкөй кагазга караганда бекем болот. Аны 5 миңден ашык бүктөөгө туруштук берет. Бир жылдан 5 жылга чейин колдонууга жарайт.
  • Бүгүнкү күндөгү кыргыз банкноттору күн желесинин бардык түсүнө боёлгон.
  • Сом Кыргызстанда чыгарылбайт. Банкноттор Франция менен Мальтада чыгарылса, тыйындар Казакстанда жасалат.
  • 5000 сомдук банкнот 2010-жылы "Жылдын банкноту" аттуу эл аралык конкурста мыкты банкнот наамын алууга номинант болгон.
  • Акыркы банкнот азыркы колдонулуп жаткан 2000 сом. Ал Кыргызстандын эгемендигинин 27 жана улуттук валютанын 25 жылдыгына арналган. Анын башка акчалардан өзгөчөлүгү тигинен жасалган. Банкнотто кыргыз элинин байыркы тарыхы жана жаңы муунду сактоо чагылдырган. Ал эл аралык сынактардын биринде жеңүүчү катары да табылган.
  • Төртүнчү серияда чыккан банкноттордо адамдын сүрөтү анын аты жана фамилиясы жазылган майда тексттен турат. Ошондой эле жаныбарлардын сүрөттөрү да бар.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6626