Нутрициолог ысыкта эмнелерди жеш керектигин атап берди
RU

Нутрициолог ысыкта эмнелерди жеш керектигин атап берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жайдын ысык күндөрү майлуу азыктар, газдалган суусундуктар, алкоголдук ичимдиктер организм үчүн өтө эле зыян. Бул тууралуу нутрициолог Алена Постельняк айтып берди.

Нутрициологдун айтымында, ысык аба ырайында организм суюктукту интенсивдүү түрдө жоготот, андыктан анын жетишсиздигин өз убагында толуктоо өтө маанилүү. Ошондуктан, термометр 23 градустан жогору белгини көрсөтсө, таза сууну көбүрөөк ичүү керек.

Тамактанууга келгенде, балык, тоок эти, майсыз уй эти, жашылча салаттары, жеңил десерттерге артыкчылык берүү сунушталат. Адис жай мезгили үчүн эң жакшы тамактар ​​- окрошка, газпачо, демдалган жашылча, салаттар, жашылча шорполору экенин кошумчалады.

Алена "ысыкта тамак жегим келбейт" деп ачка отуруунун кереги жоктугун эскертти. Закуска катары жашылчаларды, мөмөлөрдү колдонуу керек. Болгону жемиштерди күндүн биринчи жарымында жеген жакшы, кечки тамакка сунушталбайт.

Нутрицологдун айтымында, чай менен кофенин бат-бат заара кылдыра турган таасири бар, демек алар организмди суусуздандырууга алып келиши мүмкүн. Бул ичимдиктерден биротоло баш тарта албагандар, эртең мененки тамактануу учурунда бир чыны кофе же чай ичип койсо болот. Калган убакта таза сууга же чөп чайларына артыкчылык берүү кажет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6961