Уролог пластмасса колдонуу тукумсуздукка чалдыктырарын айтты
RU

Уролог пластмасса колдонуу тукумсуздукка чалдыктырарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаман адаттар, туура эмес тамактануу, стресс, экология, дары-дармектер - мунун бардыгы эркектин балалуу болуу жөндөмүн артка тартат.

Медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-уролог Нурбек Монолов эркектерди тукумсуздукка жеткирген себептердин бирөөсү пластмасса экенин айтты.

"Бүгүнкү күнү айланабыздын баарын пластмасса өндүрүмдөрү каптады. Ошол эле күнүмдүк колдонгон идиш-аяктарыбыз, ичкен суубуздун түтүктөрү, жаш балдардын упчулары, бөтөлкөлөрү баары бул заттан жасалат. Сыртынан байкалбаганы менен, спермага олуттуу зыян келтирет",-деди уролог.

Урологдун айтымында, урук анализин карасаң баары жакшы болушу мүмкүн: сапаты, көлөмү, кыймылы, бирок, балалуу боло албайт.

"Себеби ар бир спермада ДНК спиралы болот. Пластмассаны көп колдонуунун натыйжасында, ДНК спиралынын бир жеринде көйгөй жаралып, мисалы, сынып калат. Жыйынтыгында, ал энелик клетканы көрө албайт. Ал эми балалуу болуш үчүн көрүп, ичине кириши керек. Урук ошол функцияларын жоготуп коет",-деди дарыгер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6978