4-класстын окуучусу теңтуштарын эмнеге сабаганы белгилүү болду
RU

4-класстын окуучусу теңтуштарын эмнеге сабаганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек шаарындагы №56 мектебинин окуучусу айтылуу мектептеги кыздардын бирин дааратканадан, экинчисин бактан сабаган эле. Бул боюнча иликтөө иштери аягына чыгып, кыздардын урушунун себеби такталды.

Биринчи учурда кыздар курбу болуп жүрүп, экинчисинде бала талашып урушуп кетишкен. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынында Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Нуржан Адылова билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6990